Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 22-июнундагы Кыргыз Республикасынын «2017-жылдын 17-майында Жидда шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Сауд арабиялык Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы «Бишкек шаарынын медициналык тез жардам кызматынын мамлекеттик балдар ооруканасынын реконструкциялоо жана кеңейтүү» долбоору боюнча» Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбооруна КОРУТУНДУСУ

22-06-2017 12:50

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 22-июнундагы

 

Кыргыз Республикасынын «2017-жылдын 17-майында Жидда шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Сауд арабиялык Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы «Бишкек шаарынын медициналык тез жардам кызматынын мамлекеттик балдар ооруканасынын реконструкциялоо жана кеңейтүү» долбоору боюнча» Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»  Мыйзам долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын «2017-жылдын 17-майында Жидда шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Сауд арабиялык Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы «Бишкек шаарынын медициналык тез жардам кызматынын мамлекеттик балдар ооруканасынын реконструкциялоо жана кеңейтүү» долбоору боюнча» Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт.

Акыркы жылдары Бишкек шаарында жаш балдарды адистештирилген стационардык медициналык жардам менен камсыз кылуу боюнча олуттуу кырдаалдын жаралгандыгын байкоого болот.

Долбоордун максаты болуп Бишкек шаарынын медициналык тез жардам кызматынынын мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат. Ал сутканын кайсы мезгилинде болбосун  шаардын гана эмес, ошону менен катар жакынкы райондорду сапаттуу, медициналык тез жардам менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл.

Бул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Сауд арабиялык Өнүктүрүү фонду тарабынан Кыргыз Республикасына беш жылдык жеңилдетилген мезгилди кошо алганда жылдык чени 1% өлчөм менен жүз он эки миллион беш жүз миң (112,5 млн.) сауд арабиялык риал насыя берүү каралган, башкача айтканда 30 млн. АКШ долларына барабар.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

  1.  Кыргыз Республикасынын «2017-жылдын 17-майында Жидда шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Сауд арабиялык Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы «Бишкек шаарынын медициналык тез жардам кызматынын мамлекеттик балдар ооруканасынын реконструкциялоо жана кеңейтүү» долбоору боюнча» Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбоору жактырылсын.

 

2.Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча (А.А. Шадиев) комитетине жиберилсин жана аны бир убакта үч окууда кабыл алуу сунушталсын.