Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 21-июнундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Республикасынын ортосундагы Келишимдин долбооруна корутундусу

22-06-2017 12:48

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 21-июнундагы

Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Республикасынын ортосундагы Келишимдин долбооруна корутундусу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети (мындан кийин –Комитет) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан макулдашууга жөнөтүлгөн (19.06.17-ж. кириш № 6-14057/17)  Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Республикасынын ортосундагы Келишимдин долбоорун карап чыгып жана талкуулап, төмөндөгүлөрдү билдирет.

Келишимдин долбоорунун максаты Кыргыз Рерспубликасынын Ош шаарында өзбек тараптын каржылоосунда жана кайтарымсыз түрдө объектти кыргыз тарабына өткөрүп берүүчү 630 орундуу жалпы билим берүү мектебин куруу болуп саналат.

Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн Келишимге ылайык аталган мектепти толук эксплуатацияга киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволорунун каражатынын чегинде ишке ашуулчу кошумча иш чаралар зарыл.        

Бирок Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин бюджетинде тийиштүү каражаттар каралган эмес. Ушуга байланыштуу долбоордун жоболорун ишке ашырууда кээ бир тобокелчиликтер пайда болот.

Ошондой эле, Объектти курууга тартылган Өзбек Республикасынын жараны болгон персоналдардын коопсуздугун камсыздайт, ошондой эле Объектти куруу жана жабдуу убагында аларга медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо каралган Келишимдин долбоорунун 3-беренесинин “и” пунктунун маанисин түшүндүрүп берүүнү өтүнөт.

Персоналдардын коопсуздугуна жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө эмнелер камтылаарын тактоо зарыл.

Ушуга байланыштуу, Комитет Ош шаарында Жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө Келишимди ратификациялоого берүүгө чейин жогоруда айтылган сунуштарды эске алууну максатка ылайык деп эсептейт.

Комитет, каралуудагы Келишимдин долбоорунун актуалдуулугун эске алып, төмөндөгүчө чечимге келди:

1. Комитеттин сын-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Республикасынын ортосундагы Келишимдин долбоору жалпысынан жактырылсын.

2.      Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                     М.А. Аманкулов