Жогорку Кеңеш  Эсеп палатасынын  2019-жылдагы  ишмердүүлүгү жөнүндөгү отчетту канааттандыраарлык деп тапты

17-06-2020 19:00

Жогорку Кеңештин  бүгүнкү, 17-июндагы  жыйынында   депутаттар Кыргыз Республикасынын  Эсеп палатасынын  төрагасынын отчетун канааттандыраарлык деп тапты.

КР Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов  өткөн жылы Эсеп палатасы 141 аудитордук иш-чара жүргүзгөнүн белгиледи.

“2019-жылы 2 млрд. 523 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды, анын 1 млрд. 80 млн. сому  кайтарылууга тийиш, 415 млн сому (40%) кайтарылды. Бюджеттин  резерви жана жоготуусу – 27 млрд. 715 млн. сом, анын 1 млрд. 45 млн. сому кайтарылууга тийиш, 661 млн.сому (63%) кайтарылды; натыйжасыз пайдаланылган каражаттар 2 млрд. сом, анын 999 млн. сому кайтарылууга тийиш, 863 сому (90%) кайтарылды; коомдук жана башка уюмдардан ашкереленген  каржылык  мыйзам бузуулар – 544 млн. сом, алар 100 пайыз кайтарылды”, – деп билдирди Улукбек Марипов.

Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары КР Эсеп палатасына  жүктөлгөн  милдеттердин аткарылышна  байланыштуу  көп суроолорго көңүл бурушуп,мамлекеттик активдерди  башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун, антикоррупциялык  саясатты ишке ашыруунун жана аудит жүргүзүүнүн  алдыңкы  практикаларын  киргизүүнүн  зарылдыгын белгилешти.

Депутат Бахадыр Сулайманов 2019-жылы “бюджеттин резерви жана жоготуулары” 27 млрд.715 млн.сомду түзгөнүнө көңүлдү бурду.Депутат  бюджет жыл сайын дефицит болуп турганда  мындай жоготууларга  жол берилбөөгө тийиш экендигин айтып, Өкмөттү каржылык тартипти  чыңдоо, бюджетти толуктоо үчүн  кошумча бардык мүмкүнчүлүктөрдү  пайдалануу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

Депутат Бактыбек Турускулов бюджеттик каражаттардын  максатсыз пайдаланышы, башкача айтканда, уурдоолор  мыйзам бузуулардын эң көп таралган түрү экендиги тууралуу маселе көтөрүп, бул мыйзам бузуулар  ар тараптуу изилденип, мыйзам бузгандар  адилеттүү жаза алуулары тийиш экендигин  белгиледи.У.Марипов аудиттин жыйынтыгы боюнча  материалдар  укук коргоо органдарына берилгенин, мамлекеттик органдардын көп кызматкерлери  иштен бошотулгандыгын  айтты.

Депутат Кенжебек Бокоев Ош жана Жалал-Абад шаарларын  калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча  Мамлекеттик дирекциянын  кызмат адамдары  тарабынан  каражаттарды уурдоо боюнча  качан чечим чыгарына кызыкты.Ал кылмыш иши козголгондон бери он жыл өткөнүн белгиледи.ИИМдин өкүлү каралып аткан иштин көлөмү чоңдугуна байланыштуу  бардык экспертизалар боюнча натыйжалар али алына электигин, ушуга байланыштуу  тергөө иштери  али бүтө электигин  билдирди.

Депутат Айнура Аскарова  негизсиз акча төлөө боюнча кайсыл  мамлекеттик орган  биринчи тизмеде турарын сурады.У.Марипов  мындай мыйзам бузуулар  Бишкек мэриясында  көп деп жооп берди.

Талкуудан соң Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын  Эсеп палатасынын  төрагасынын отчетун канааттандыраарлык деп табышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы