"Парламент" радиосу бүгүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасын талкуулайт


“Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзам долбоору коомдук талкууда. Бул багытта толук маалымат берүү үчүн студияга мыйзам демилгечилеринин бири, "Ата-Мекен" фракциясынын лидери  Өмүрбек Текебаев чакырылган.

Ошондой эле парламент бүгүн, 16-июндагы олтурумунда  Өкмөттүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасы боюнча аткарылып жаткан иштердин алгачкы жыйынтыктарын карайт. Бул багытта да “Парламент” радиосунун угуучуларынын суроолоруна жооп бере турган дагы бир мейман - “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК Башкармачылыгынын төрагасынын орун басары Нуржигит  Усенакун уулу болмокчу. Ипотекалык турак-жай алуунун шарттарына  жана ордо калаанын архитектуралык көрүнүшүнө кызыксаңыз 13:00 -14:00гө чейин (о312) 63-85-90 телефонуна чалып, сурооңузга жооп табыңыз.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы