Депутат М.Мавлянова: "Тарыхый мекенине келүүнү каалагандар "Мекен - карт" системасынын мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алышат"

28-05-2020 14:51

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарынын арасында тарыхый мекенине келүүнү, инвестицияларды жүзөгө ашырууну, саламаттык сактоо, билим берүү чөйрөлөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну, ар кандай турмуштук кырдаалдарда Кыргызстанда болууну жана иштөөнү, ошол эле убакта өздөрү атуулдугун алган өлкөнүн жарандыгынан чыкпоону  каалагандары бар.

Ошол эле мезгилде алар  мигрант болуп чогулткан каражаттарын Кыргызстандагы кыймылсыз мүлккө инвестициялоого кызыкдар болбой койбойт, - дейт депутат Махабат Мавлянова бүгүн, 28 – майда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

Бары бир алыста жүргөн башка мамлекеттин жарандыгын алган мекендештерибиз өз урпактары менен Кыргызстандан байланышын үзгүсү келбейт. Ошондуктан алардын Кыргызстанга кайрылып келүүсүнө же келип - кетип туруусуна жагымдуу мүмкүнчүлүк түзгөн “Мекен - карт” документи иштелип чыгат. Бул жарандардын жеке суранычтары болсо 10 жылдык мөөнөткө берилет. Документти даярдоо ишинде жаран өзү жашап турган мамлекеттеги Кыргызстандын элчилигине кайрылып, арыз жазып калтырса болот, - дейт депутат М.Мавлянова.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы