Мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар так аткарылбай келет

21-05-2020 11:59

Бул тууралуу бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди. Эскерте кетсек, парламентте Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчету каралууда.

Тендердик тандап алуу шарттары бузулуп жатканын айткан эл өкүлү: “Бул чөйрөдө мыйзам бузуулар өтө көп. Башкы прокуратура ар бир мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөп, катачылыктарды жоюшу керек”, – деди.  

Ал эми Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул жаатта 645 текшерүү жүргүзүлүп, 1000ден ашуун мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы