Артыков Анвар Артыкович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-87-35

1951-жылы Ош облусунун Ош шаарында туулган.

Билими жогорку. 1977-жылы Андижандагы (Өзбекстан) пахтачылык институтун “инженер- механик” адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1991-жылдары КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын угуучусу.

Эмгек жолун 1966-жылы Кыргыз ССРинин Туракжай-коммуналдык чарба министрлигинин Оштогу кеңсесинде мехсантазалоочу жумушчу болуп иштөө менен баштаган.

1979-1981-жылдары Оштогу автобазада башкы инженер болуп иштеген. 1981-жылдан Ош регионалдык борборунда КАМАЗ автомашиналарын тейлөө жана запастык бөлүктөр менен камсыз кылуу боюнча директор, андан соң партиянын Жалал-Абад обкомунун экинчи катчысы, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин иш башкаруучусу кывзматтарын аркалаган. 1990-2000-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

2004-2005-жылдары Бүткүл дүйнөлүк банктын энергетика тармагы боюнча долбоорунун директору болгон. 2005-жылы Ош облусунун эл депутаттар кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 2005-жылы Ош облусунун облусттук акиминин – губернаторунун милдетин аткарган.

2010-жылдын ноябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демкратиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

КР эмгек сиңирген экономисти.